Баткендин айылдарына 20дан ашуун чет өлкөнүн дипломаттары жана чет элдик журналисттер барды

Алар Тажикстандын аткылоосунун эң көп жабыркаган Лейлек жана Баткен райондорунун Интернационал, Максат, Достук жана Капчыгай айылдарында болушту.

Талкаланган, өрттөнгөн айылдарда  Европа Биримдигинин, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгынын, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын, Эл аралык Кызыл Чырымдын, Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондусунын өкүлдөрү да болушту.