
Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арачылар 1-октябрдан тартып эки эсе көп маяна ала башташат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен эли менен жолугушуу учурунда билдирген.
Маалыматка ылайык, Жапаров учурда Баткен облусунда. Ал жергиликтүү тургундар менен жолугуп, элдин талаптарын угууда.
Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундардын бири чек арачылар арзыбаган айлыкка иштеп жүрүшкөндөрүн айткан.



