Коом

“Россия, Казакстан өз өндүрүүчүлөрүн колдоп мыйзам кабыл алышты, биз эмнеге кабыл ала албайбыз?”

Манас Белошаров: — КР Экономика, коммерция министринин орун басары Вероника Исаевага суроо:

-Эмне үчүн ЕАЭБге мүчө болгон Россия менен Казакстан дагы өздөрүнүн ата мекендик өндурүүчүлөрүн колдоо тууралуу мыйзамын кабыл алышкан? А сиз “кабыл ала албайбыз, себеби биз ЕАЭбдебиз” деп жатасыз. Биз бул тууралуу сураганыбызда Россия Мамдумасынын төрагасынын орун басары бул боюнча жооп берген. Ал айтып жатат, мындай мыйзамды алар азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кабыл алышкан. Ал эми ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн эмес, а башка өлкөлөрдүн резиденти болгон “Умай груптун” айтканы боюнча ири соода түйүндөрү  азыр бизде 10 пайыз болсо, Россияда ата мекендик өндүрүүчүлөрду колдоо жөнүндө мыйзамды кабыл алгандан кийин, соода түйүндөрүнүн тармактары абдан өнүгө баштаган. Түшүнүп жатасыздарбы? КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Вероника Исаевага айтып кетээрим, эки жыл мурда ушул мыйзам долбоорун сунуш кылдык эле. Ошондон бери жолугушкан сайын реозолюция кабыл алганда дайыма соода тармактарынын пайдасына чечим кабыл аласыздар. Мисал келтирейин, “Умай груп” айтып жатпайбы макулдашуу кабыл алалы деп, бирок анын аягында “эгер сиз макулдашууга кол койсоңуз анда ички соода жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелебейсиз” деп жазып жатышат. Башкача айтканда, “Умай груп” бул мыйзамды кабыл албоого болгон күчүн жумшап жатышат. А сиздер Минэконом, ушуга жардам берип жатасыздар.

Урматтуу депуттар, сиздерди ички мыйзам жөнүндө долбоорду колдоп бересиздер деп үмүт кылабыз. Ошондо азык-түлүк коопсуздугу, баалардын жөнгө салуу ушул мыйзамдын ичинде ишке ашат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button