ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Айсулуу Мамашова: Бойдок эжелерди көрсөм эле атам менен тааныштырайын дечүмүн

— Жетиштүү үй-бүлөдө жокчулук эмне экенин билбей чоңойдуңуз… Бала чагыңызды эске салып көрсңүз…

— Биз 2 бир тууганбыз, сиңдим экөөбүздүн айырмабыз 2 жаш. Атам менен апам эртеден-кечке жумушта болгондуктан көпчүлүк учурда бизди Ысык-Атадагы тайэнем менен таятама көп жиберишчү. Сиңдим экөөбүз ал жактан торпок айдап, уй саап, тайэнемдин тапшырмаларын аткарып, үй жыйнап, кечкисин үйгө толуп алган чымындарды кубалоо менен кызыктуу балалык күндөрдү өткөргөнбүз. Ата-энемдин бизнесмен экендери деле сезилчү эмес. Апамдын бир мүнөзү бар эле, ал эч качан биз кийем деген кымбат кийимди, кымбат тамак-ашты алып берчү эмес. “Кийимиңер бүтүн, курсагыңар токпу, ошого шүгүр кылгыла”,-дечү. Эл катары эле мектепке барып, келип, эл кийген кийимди кийип, эл жеген ашты жеп эле чоңойдук. Ишенесизби, мен университетте 6-курсту окуп бүткүчө башкалардай көңүл ачуучу жайларга барган жокмун. Атамдын тарбиясы өтө күчтүү эле. Жада калса жогорку окуу  жайга тапшырганда студенттердин майрамы өтөт эмеспи, ага да 1саатка өзү алып барып эшикте күтүп турган. Курбу кыздарымдын туулган күндөрү болуп калса алгачкы курстарда 1саатка гана шоопур кошуп берип жиберчү. Эшикте шоопур күтүп турат да туура 1 сааттан соң үйгө жеткирип коёт. Мен жогорку окуу жайын аяктап жатканда 1 саатка эмес 2 саатка жиберип калды, анда да жаныма бирөөнү кошуп берет. Азыркы күнгө чейин бат-бат чалып, кабар алып турат. Андыктан мен шапар тепкен жокмун десем болот.

— Кыйынчылык көргөн күндөрүм деп кайсы учурду айтасыз?

— Кыйынчылык күндөр мага тааныш эмес десем калп айткан болуп калам. Бул нерсе ар бир адамдын башынан өтөт болушу керек. Менин жашоомдогу эң бир оор учур бул 2004-жылга туш келет. Мен 15 жашымда сиңдим 13жашында апамды каракчылар тоноо максатында келип, атып кетишти. Ушул күндөр менин жашоомдо караңгылык менен коштолду. Сиңдим атама, мен апама абдан жакын элек. Ошондо өзгөчө мен үчүн жашоом бүтүп калгандай эле туюлду. Ушунчалык оор сезимдер курчады. Апам мен үчүн бүткүл жашоо, аалам, жомок, периште эле (ред.:көзүнөн аккан жашты токтото албай бир топко үнсүз отурду)… Мындай нерсени мен эч бир жанга каалабас элем.

— Андан кийинки жашооңуздар кандайча уланды?

— Атам, сиңдим анан мен эле калдык бир үйдө. Күндө ыйлайбыз, сооронобуз. Кыскасы ый аралаш муңдуу күндөр өтүп жатты. Адамдын кадырын көзү өткөндө билесиң,  деп коёт эмеспи, мен жаш болгонмунбу же маани бербегенминби билбейм, айтор апамдын кандай кыйын аялзаты болгондугун апамдын көзү өткөндө гана билдим. Апамды жерге берээрде миңдеген адамдар келип, «Сенин апаң ушундай адам эле», — деп айтышканда гана сездим. Көрсө, апам укмуш кыйын аял тура, бизнестин ишин иштеп, жалпы коллективди баштап, бала-чакасын карап, бир тууган, кайын-журт, достору менен да мамилени үзбөй баарына жетишчү экен. Билесиздерби, мен атама абдан баа берем жана ал инсанга өтө ыраазымын. Атамдын өзүнө да “Мен сиздердей ата менен эненин үй-бүлөсүндө жарыкка келгениме абдан кубанам»,- деп көп айтам. Атам бизге апамдын ордун жоктотпоюн деп абдан аракет кылды. Атам бизге ата да, эне да болду. Мээриминен кем кылбай, ушунчалык бапестеп чоңойтту. Жумуштан кеч келсе да бизди эркелетип, мээрим төгүп, биз менен сүйлөшмөйүнчө уктачу эмес. “Силерге татыктуу тарбия берип кеткен апаңарга ыраазымын”, — деп көп айтат. Тагдыр ушундай татаал экен, апамды бизден эрте бөлүп кетти. Эмне кылабыз? Ыйлап жүрүп, жоктоп жүрүп акыры айла жок жашоо менен күрөшүп  келебиз… Теманы өзгөртпөсөк болбой калды окшойт (көз жашын тыя албай)…

— Атаңыз жаңы турмуш курду, бул сизге кандай таасир берди?

— Бул күндү мен 11жыл күткөм. Сиңдим экөөбүз “Ата, эгерде көңүлүңүзгө жаккан жар тапсаңыз баш кошуңуз. Биз башка бирөөгө бүлө болуп кетебиз”, — деп көп айтчубуз. Атам: “Апаңарга окшош аялзатын кезиктире элекмин”, — деп жалгыз бой 11 жыл жүрдү. Акыркы убактарда мен көңүлүмө жаккан эжелерди көрсөм эле “Турмушка чыктыңыз беле? Сизди атам менен тааныштырып койсом болобу?”, — дей берчүмүн. Атама жубай издеп эле калгам. Бир күнү эле атам мага “бирөө менен тааныштым”, — деп калды. Ата, тезинен чалыңыз деп телефонду карматып, жолугушуу уюштуруп бердим. Атамдын бактылуу болгон жүзүн көргөм келчү. Атам бизге бактылуу жашоо түзүп берди эми өзү бактылуу болуш керек. Буйрук экен атам минтип түгөйлүү болуп отурат. Атамдын жубайын жеңе дейм, Бермет жеңем менен мамилебиз абдан жакшы.  Мен абдан кубанычтамын, атам өз теңин тапты, сиңдим да турмушка чыгып 5ай мурда кыздуу болду. Мен үчүн эң ыйык, эң кымбат болгон адамдардын жеке жашоосу бир нукка түшкөнүнө абдан кубанам. Сиңдим бул менин жаным, жашоомдун маңызы, кызым. Ал үчүн мен баарына кайылмын. Кичинекейим эне болуп отурат, төрөтканадан чыккан соң, 40күн үйгө алып келип, карадым. Таежелерим силерде көптөн бери кичинекей бала жок, мурда-кийин бала багып көрбөсөң кыйналасың го,  бала багуучу алып бактыргыла, —  дешти. Өзүңдүн балаңды кандай эле карабайт экенсиң деп, ушундай бир кызыгуу, берилүү менен алдейдин кийимдерин жууп, жуунтуп өзүм эле карадым. Балалуу болгон сонун турбайбы… Алтындай болгон күйөө балам бар, кыскасы бир тууганым үчүн көңүлүм ток. Учурда мен өзүнчө турам, бирок күн узатпай атама барып кеп-кеңешин алып чогулуп турабыз, сиңдимдин кызын жыттамайынча тура албайм

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button