Коом

Кымбатчылык жагынан ЕАЭБ ичинде Казакстан алдыда бара жатат

Ушул жылдын сентябрь айында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин арасынан керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли Казакстанда байкалды. Бул тууралуу Статистика комитети билдирди.

«Былтыркы жылдын аягына салыштырмалуу Казакстанда керектөө секторундагы инфляция 15,4 пайызга жетти. Буга азык-түлүктүн 19,5 пайызга, кызмат көрсөтүүлөрдүн 10,8 пайызга кымбатташы себеп болду», — деп айтылат билдирүүдө.

Башка өлкөлөрдө инфляциянын деңгээли канчалык өстү:

Армения — 5,7 пайыз;

Беларусь — 14,8;

Кыргызстан — 10,6;

Россия — 10,5.

Дүйнөлүк тенденцияга ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүндө дагы товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрү күн санап баасын көтөрүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button