Коом
20-октябрга карата аба-ырайы
20-октябрга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абаддын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жамгыр, кар жаайт.
Бейшемби күнү күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде, Ысык-Көл, Нарын өрөөнүнүн көпчүлүк аймагында жамгыр, тоолуу райондордо жамгыр, кар жаайт.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14…+19, Таласта +9…+14, Ысык-Көлдө +10…+15, ал эми Нарын аймагында +6…+11 градус жылуу болот.
Ошто түнкүсүн жамгыр жаашы мүмкүн. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +11…+13, Ош калаасында +14…+16 болору айтылды.



