Айтбек Токтобаев: Аша чапкан маалыматтарды ооздуктоо сөз эркиндигине кысым жасоо эмес

Акыркы кездерде сөз эркиндигин бетине карманып, оозуна келгенди жазып, сүйлөп, коомчулукка бурмаланган туура эмес маалыматтарды тараткандар көбөйдү тилекке каршы. Аларды ооздуктап, мыйзам алдында тартипке чакыралы дешсе сөз эркиндигине кысым деп кыйкырып чыкмай адат таап алышты. Бирок, такталбаган бир тараптуу, жеке өзүнүн же бирөөлөрдүн буйругун аткарган маалыматтарды таратууда айрым жазмакерлер мыйзамга баш ийгилери келбейт.

Чагымчылык, бузукулук жана бейтараптуулукту сактабаганы үчүн “Азаттык” радиосун бир кездери күтүп укккан окурмандары күн сайын азайып баратат. Себеби, алар Кыргызстанда болуп жаткан ички саясый окуяларды дайыма бир тараптуу, калыстыгы жок чагылдырып, кандай гана бийлик келбесин аларга каршы маалыматтарды байма бай чыгарып турушат.  Бул маалымат булагы Батыштан каржыланат. Ошондон улам Батыштагы кожоюндарынын тапшырмасын гана аткарып калышкан. 2010-жылы июндагы кандуу Ош окуялары, Баткендеги чек арадагы куралдуу кол салууларды “Азаттык” дайыма кыргыз тарап күнѳѳлүү деген таризде дүйнѳлүк коомчулукка маалымат таратып келишет. Мындай иш-аракеттери коомчулук тарабынан сынага кабылып,  нараазычылыктарды жараткан.

Жакында “Азаттыктын” Ош шаарына кеңсесинин ачылышына каршы болгон билдирүүлѳр жана жергиликтүү тургундар митингке чыгышты. Алардын айтмында “Азаттык” ѳзбек, тажик тилдеринде берүүлѳрдү ачканы, улуттар аралык кастыкты күчѳтүп, арты жаңжалга жетиши мүмкүн. Нараазычылыкка чыккан тараптар мындай пикирлерин “Азаттыктын” буга чейинки ишмердүүлүгүнѳн улам айтылып жатканын түшүндүрүштү. Эгер “Азаттык” элге жаккан, бейтарап маалыматтарды берип, пайдалуу уктурууларды жасаса мындай нерселер чыкмак эмес.

2022-жылдын 19-октярында “Азаттык” радиосу адаттагысындай, ар кандай себептер менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган блогер, журналист, жарандык активисттер тууралуу макала жарыялады. Анда “Кыргызстанда тогуз айдын ичинде “Массалык баш аламандыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен 25 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 23 иш социалдык тармактардагы билдирүүлөр боюнча ачылган. Мындай айыптар көп учурда бийликти сындаган активисттер менен блогерлерге коюлат. Алардын айрымдары азыр камакта отурат” деп жазылат.

Туура, “Азаттыктын” иликтегени жакшы нерсе. Бирок, ошол эле учурда 25 кылмыш иши оор беренелер менен эмнеге козголуп жатканына да кайрыла кетишсе болмок экен. Ɵздѳрүн саясатчы сезген, жогорку билими же саясаттан жакшы түшүнүгү жок жаш балдар, карт бѳрү саясатчылардын же Батыштын бузуку саясатынын курмандыгы болуп калууда. Мисалы, Ырыс Жекшеналиев, Адилет Балтабай уулу. Ал эми журналист Болот Темиров болсо батыштын ырын ырдайт.

“Азаттык” Кыргызстанда сѳз эркиндигине кысым күчѳп,  “Соңку жылдары Кыргызстанда блогерлер камалып, журналисттерге жана эркин медиага каршы козголгон кылмыш иштери бар. Өткөн жылы Freedom House уюму (FH) Кыргызстанды соңку 11 жылда биринчи жолу “эркин эмес” мамлекеттердин катарына кошту. Ушул жылдын 24-февралында чыккан “Дүйнөдөгү эркиндик-2022” баяндамасында Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыдан дагы бир упайга төмөндөгөн” деп жазган.

Эске сала кетсек, Атамбаев кадыр-баркыма шек жаратып, аброюмду түшүрдү деген жүйѳ менен ѳзү баш болуп журналист Дайырбек Орунбековду жана да башка бир топ журналисттерди куугунтукка алып, миллиондогон сомдорго доого жыккан. Ал эми 2018-жылы “Кактус” жана “Азаттыкты” 13 млн сомго Башкы прокуратура доого жыккан. Кийинчерээк ар кандай жагдайлардан улам  Атамбаев “Занозанын” негиздөөчүлөрүнө жана Жакуповага коюлган материалдык дооматтарын кайтарып алган.

Акаевдин, Бакиевдин бийлиги деле журналисттерди куугунтуктап, түрмѳгѳ камап, кол салуулар болуп, жадакалса ѳлтүрүлгѳн журналисттер дагы болгон. Белгилүү журналист Павлюк Алмата шаарында журналисттик ишмердүүлүгүнѳ байланыштуу киши колдуу болуп ѳлтүрүлгѳн.

Ар бир бийлик ѳзүнүн жасап жаткан иштерин жана саясатын коомчулукка түз жана бурмалоосуз жетишин каалайт. Кыргызстанда жарандык коом күчтүү ѳнүккѳн. Бийликтин ар бир кадамы социалдык тармактар аркылуу талкууланып турат. Албетте, айрым учурда жарандык активист, блогер, журналисттер аша чаап, туура эмес жана ар кандай жаман кесепеттерге алып келүүчү чакырыктарды жасаган учурлар кездешет. Аларды укук коргоо органдары кѳзѳмѳлдѳп, укуктук баа берип, керек учурда жаза колдонууда. Мунун баарын сѳз эркиндигине басым жасоо деп түшүнүү туура эмес. Коомдук пикирди бурмалоо, мамлекеттик түзүлүшкѳ шек келтирүү, улуттар жана аймактар аралык кастыкты козутуу иштери жүрүп жаткан учурларда ар бир жаран жасаган кыймыл-аракетине мыйзам чегинде жооп берүүгѳ тийиш. “Азаттык” тизмектеген 25 блогер, журналисттер кылмыш ишинин беренелерин окуган кишиге иштин чоо жайы түшүнүктүү болот.

Айтбек Токтобаев