Коом

Тумоолоп калбаш үчүн уйкуну кандырып, таза абага чыккыла

Республикалык штаб сасык тумоо жана COVID-19 сыяктуу респиратордук инфекцияларды алдын алууда менен бир нече кеңеш берет.

Эске алчу эрежелер:

бет кап тагынып жана адамдар менен жакын болбой аралыкты сактаңыз;

чыйрыгып же үшүп калбаганга аракет кылыңыз;

эгер өзүңүздү начар сезип эт ысыса, дароо обочолонуп, жакшылап эс алыңыз;

колду тез-тез жууп, бөлмөлөрдү желдетип, ным чүпүрөк менен чаңдарды тазалап турган оң;

организмди кыйнабай убагында эс алып, уйкуну кандыра уктоо керек. Таза абага көп чыгып, жакшы тамактаныш керек;

дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап туруу шарт;

эгер балада сасык тумоонун белгилери пайда болсо, аны мектеп, бала бакчага жибербей жакшылап дарылаган оң. Дарыгерден телефон аркылуу деле кеп-кеңеш алып, ар кандай дары-дармекти бере бербей туура дарылаңыз;

сасык тумоо жана COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүп коюңуз.

Штаб вируска каршы вакцинаны үй-бүлөлүк медицина борборлорунан алса болорун белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button