Дубайдагы Бурж-Халифа имараты Кыргызстандын желегинин түсүнө боёлду

Кечээ, 1-ноябрь кечинде президент Садыр Жапаровдун сапарынын урматына Дубай шаарындагы эң бийик Бурж-Халифа имараты Кыргыз Республикасынын туусунун түсүнө боелду. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Асман тиреген имараттын бийиктиги 828 метр, бул 163 кабаттан турат. Дүйнөдөгү эң бийик имарат. Анын формасы сталагмитке окшош. Салтанаттуу ачылыш аземи 2010-жылдын 4-январында болгон.