Масадыков Талибандын* тышкы иштер министринин орун басары Шер Мохаммад Аббас Станикзай менен жолугушканын Sputnik Афганистан жазды.
Станикзай Бишкекке Душанбе менен чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүнү сунуштаган.
Премьер-министрдин административдик иштер боюнча орун басары Абдул-Салам Ханафи менен да жолугушуу болгон. Анда келерки жылы Бадахшан провинциясында жашаган аялдар менен балдардын ден соолугуна кам көрүү боюнча Кыргызстандын ниети тууралуу да сүйлөшүүлөр болгону жазылат.
Кыргызстандын президенттин администрациясы Масадыковдун жолугушуулары тууралуу маалымат тарата элек.
* уюм террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУнун санкциясында
@user2