Коом

Өмүрбек Бакиров өзүн саясий куугунтуктун курманы катары көрсөткүсү келип жатабы?

ЖК депутаты Өмүрбек Бакиров өзүн саясий куугунтуктун курмандыгы катары көрсөткүсү келип жатканы билинип калды. «Политклиника» басылмасына маек берип, саясий басымга кабылганын айтты. 

«Мен Жаңы-Ноокатта жашаган өзбектерге мага каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлап, коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканы тууралуу маалымат алдым. Моюн толгой турган болушса, чөнтөктөрүнө баңгизат же тыюу салынган диний уюмдардын китебин салып, карматышаарын айтышкан», — деген депутат. 

Аны менен катар мурдагы иш бөлмөсүнөн чыгышын дагы ызы-чууга айтканткысы келген, эң кымбат нерсесин — Акүйдүн 7-кабатындагы иш бөлмөсүн алып коюшса, анан таарынат да. Бул кабаттагы иш бөлмөлөрдү бир гана фракция лидерлери ээлей турганын эске алып да койгон жок, Бакиров бул кабатта отурууга укуктуу эмес болчу. Кыязы, аттын башында амбициясы баарына күнөөлүү. 

Бул амбиция Өмүрбек Бакиров планканы өтө эле өйдө алганына да айыптуу болсо керек. Текебаев, Мадумаров ж.б.лар сыяктуу ири саясий фигуралар жөнүндө айтылып жатса башка кеп эле, эч кандай салмагы жок, кызыктай билдирүүлөрү менен эми гана белгилүү болгон дептат ушинтип жатканы таң калыштуу. 

Жакында эле ал Кыргызстанда жогорку даражалуу кызматтарда тажик улутундагы жарандар да бардыгын айтып нааразы болгон жана парламенттештерине бул маселени карап чыгууну олуттуу түрдө сунуштаган. Тажикстанда чиновниктердин арасынан бир да кыргызды табуу мүмкүн эмес экен. Экс-депутат Феликс Кулов соцтармактагы баракчасына бул боюнча жазды, депутаттын билдирүүсүндө «КР Кылмыш жаза клдексинин 330-беренесине ылайык келе турган кылмыштын белгилери бардыгын» белгиледи: «Расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактык каршылыкты козутууга, улуттук ар намыска шек келтирүүгө багытталып, эл алдында же ММКларды пайдалануу менен айтылган пикир ээлери 1000 сомдон 2000 сомго чейин айыппулга жыгылышат же 5 жылга чейин эркинен ажыратылат». 

Ошондой эле, Бакиров КТРК телеканалы боюнча да нааразычылыгын билдирди, айтымында, музыкалык канал эротика көрсөтөт экен. КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков ага өлкөнүн башкы телеканалындагы эротикалык сценаларды чогуу издеп көрүүнү сунуштады, бирок эл өкүлү ага жооп кайтарган жок. 

ММКлардагы маалыматтарга караганда, 2010-жылдын май айында Өмүрбек Бакировго Убактылуу өкмөттү күч менен кулатууга аракет кылган деген айып тагылган. Кылмыш ишинин фабуласы мындай: «2010-жылдын 13-майында болжол менен саат 11.00дө Мамасадык Бакиров жана Айтмамат Кадырбаевдин митингге чыккан тарапташтары Ош облусунун мамлекеттик администрациясын басып алышкан. Имаратка 152 495 сомдук зыян келтирилген, «Ата-Мекен» партиясынын өкүлү Келдибаев жеңил жараат алган». Кылмыш жоопкерчилигине бир нече адам тартылган, анын арасында биздин «каарман» да бар. Ага «массалык башаламандыкты уюштуруу кылмышына катышуу, ошондой эле бийликти күч менен алууга аракеттенүү» айыбы тагылган.  («МК — Азия»).

Андан тышкары, 2004-жылы Бакировго жана криминалдык авторитет Алманбет Анапияевге карата «Адамды уурдоо», «Тоноо», «Мыйзамсыз камоо», «Опузалоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Өмүрбек Бакиров өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, бул иш боюнча акталганын айтууда.

ММКлар  аны менен катар Бакиров маркум криминалдык авторитет Алманбет Анапияевдин өкүл баласы экенин да жазып чыгышкан. 

Булак: vb.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button