Бишкектен Токмокко кыз ала качууга шектелип, 2 жигит кармалды

Бишкекте кыз ала качууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-ноябрда милицияга кыз киши кайрылып, ошол эле күнү саат 15:00 чамасында Арча-Бешикте Volkswagen Passat унаасына салып, Токмокко ала качууга аракет кылган 2 жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр аныкталган.

Кылмышка шектелип 2002 жана 1998-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынды.