Боом капчыгайында Бекжан Темирхан кырсыктап каза болгон жерге белги орнотулду

Чүй облусундагы Боом капчыгайында ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыктан каза болгон жерге белги коюлду.  Белги тактаны белги болсун деп Бекжан Темирхандын кайын журту орнотту.

Кырсык 10-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында Чолок-Боом унаа жолунун 9-чакырымында катталган. Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаада ырчыдан башка дагы бир 1997-жылы туулган жаран болгон. Алдын ала маалымат боюнча катуу ылдамдыкта бара жатып, айдоочу унаанын рулуна ээ боло албай, жолдун оң жагындагы тосмону сүзүп, андан соң жолдон чыгып оодарылып кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен жүргүнчү катары бара жаткан ырчы каза болгон. Ал эми айдоочу ооруканага кайрылган.