«Кудайберген» базары 70 миллион сом салык төлөгөн эмес

Депутат Эльвира Сурабалдиеванын жакындарына таандык “Кудайберген” базары 70 миллион сом салык төлөгөн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 2022-жылдын 24-ноябрында Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, ал жерде 3 миңден ашык контейнер болсо, ар бир контейнерден 7 миң сомдон 15 миң сомго чейин акча чогултулган.

“Базар ээлери өз отчетунда ар бир контейнерден 2-3 миң сомдон чогултулганын айтышкан, бирок чындыгында андай эмес. Жалпысынан базар 70 миллион сом салык төлөгөн эмес. Бул боюнча акт түзүлгөн.  Бул жерде депутаттык мандаттын жана трибунанын артына жашынуунун кереги жок. Бардык дооматтарыңызды Салык кызматына айтып коюуңуздарды суранам. Эгер салык төлөгүңүз келбесе, анда чара көрүлөт”, – деди УКМКнын башчысы.

Сурабалдиева андан кийин ЖКнын трибунасынан Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдуваповго суроо менен кайрылды.

“Кудайберген базарында эки жарым айдан бери текшерүүлөр жүрүп жаткан. Ошондон бери канча салык чогулуп, базар канча төлөп бүттү? Ооба, базарга Жыргалбек Сурабалдиевдин жесири апам ээлик кылат” ал айтты.

Парламенттин жыйынында төрага Нурлан Шакиев жеке иштерин парламенттик трибунада  чечпөөнү суранып, башкаларды да сыйлоосун талап кылды.