ИИМ: Каракчылык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын бөлүгү укук тартибин камсыздоо, тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн адамдарды издөө, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ошондой эле башка алдын алуу иштерди жүргүзүү боюнча ыкчам иш-чараларды улантууда. Жарандарга жана ишкерлик кылган субъекттерге каршы багытталган ар кандай кылмыштарды алдын алуу жана бөгөт коюу, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү, каракчылык, тоноо, опузалап акча талап кылуу менен алектенген адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча чаралар көрүлүүдө.
Жакында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош шаары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери соттон жана тергөөдөн изин жашырып качып жүргөн Ош облусунун 1992-жылы туулган тургуну Б.уулуБ. жүргөн жерин аныкташкан. Ал ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн мурда соттолгон. Жогорудагы көрсөтүлгөн жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
2019-жылдын октябрь айында Ош шаардык соту тарабынан жаран Б.уулуБ. каракчылык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн сыртынан соттолгон. Ага издөө жарыяланган. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош шаары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн маалыматы боюнча жаранга кол салууга байланышкан башка бир нече кылмыштарды жасоого шектелүүдө.
Шектүүну кармоо Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн. Кармалган жаран Ош ШИИБге жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

ИИМдин Басма сөз кызматы