Бишкек шаардык прокуратурасы 6 жетим баланын турак жайлуу болушуна жардам берди

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан шаардын аймактык муниципалдык башкармалыктарына бир катар текшерүүлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында мэриянын үй-жайга муктаж жетим балдардын саны боюнча бухгалтердик эсеби туура эместиги аныкталган. Бул тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү боюнча сунуш киргизилгенден кийин Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык алты турак жайды таап, алты жетим баланы турак жай менен камсыздады.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын прокуратурасынын жетекчилигинин көзөмөлүндө турган жетим балдарды, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды турак жай менен камсыз кылуу жаатындагы тартиптик жаза чараларын колдонуу жана ишти күчөтүү боюнча мэриянын кароосуна акт түзүлдү.