Филипп Киркоровдун кызы сахнага биринчи жолу ырдап чыкты

Концертте орус эстрадасынын падышасы Филипп Киркоровдун кызы, 10 жаштагы Алла-Виктория сахнада биринчи жолу өнөрүн тартуулады. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазып чыгышты. 

Концерт Кремль сарайында өтүп, анын чоң атасы Бедрос Киркоровдун 90 жылдыгына арналды. Кызы «Прекрасное далеко» ырын тандап алган. Кызы ырдап жатканда Филипп Киркородун реакциясы талкуу жаратты. 

Бирок 55 жаштагы ырчы өзү терс пикирлерге эч кандай реакция кылган жок. Ал өзүнүн социалдык тармактарына кызынын аткаруусундагы видеону жарыялап, өткөн окуядан кубанычтуу эмоцияларды гана билдирген.