УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Ж.Акаевдин Э.Жамгырчиевге карата сүйлөгөн сөзү боюнча маалымат берди

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан 2022-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында депутат Жанар Акаевдин сөзүнөн кийин текшерүү жүргүзүлдү.

Ж.Акаевде КР ЖК депутаты Э.Э.Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан качан аудио-видео жазуу жабдыктары табылганы тууралуу маалыматы жок экени аныкталды. Мындан тышкары, ал жеке өзү сөз болуп жаткан техниканы көргөн эмес. Бул тууралуу ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында депутат Э.Э.Жамгырчиевдин жардамчысы Э.Кадыровдон укканын айткан. Өз кезегинде депутат Э.Э.Жамгырчиевдин жардамчысы Э.Кадыров бул маалыматты телефон аркылуу Э.Э.Жамгырчиевден алган.

Учурда депутат Э.Э. Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз.

Ошону менен бирге, КР УКМК аудио-видео жазуу жабдууларынын табылышы боюнча, бул атайын жабдууларды орнотуунун себебин жана ким тарабынан коюлганын аныктоо үчүн, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Э.Жамгырчиевдин талапдарын коргоо үчүн текшерүү жүргүзүүгө даяр экендигин билдирет.