Кызыл-Кыяда ден-соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жарандын жүргөн жери аныкталды

2022-жылдын 20-август күнү саат 00.50 чамасында Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынан Караван айылынын 38 жаштагы тургуну Б.Х. денесинен оор жараат алып, ооруканага түшкөнүн билдирип милицияга кабар берген.
Бул факт Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 2022-жылдын 19-август күнү Кызыл-Кыя шаарынын 38 жаштагы Б.Х аттуу тургунун өзүнүн үйүнүн алдында Кызыл-Кыя шаарынын 29 жаштагы тургуну Г.К. өз ара пикир келишпестиктен улам сабап, ден-соолукка оор залал келтирген соң кетип калган.
Баткен ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден-соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, 29 жаштагы Г.К. Ош шаарындагы эркиндигинен ажыратылган жайда жазасын өтөп жаткандыгы аныкталды.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы