Ысык-Көлдө өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулук жасагандыгы үчүн шектүүлөр кармалды


17-ноябрь күнү Тоӊ РИИБге арыз менен Каракол шаарынын 43 жаштагы тургуну К.Е. арыз менен кайрылып, ушул эде күнү болжол менен түнкү саат 02.00 чамасында. автобустун айдоочусу Ч.А. Каракол-Бишкек каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташып, Боом капчыгайында жайгашкан жол жээгиндеги кафелердин бирине токтогондугун билдирген. Айдоочу жана жүргүнчүлөр кафеге тамак ичкени киришкенде, белгисиз адамдар ушул учурдан пайдаланып автобустагы жашыруун сейфти ачып, 53 даана кагаз конвертине салынган 5 миллион 200 миң сомго жакын акча каражатын уурдап кетишкен. Арыз ээсинин айтымында, уурдалган акча каражаттары Каракол шаарынын тургундары Бишкек шаарындагы тааныштарына берип жиберүү үчүн айдоочуга беришкен.
Арыз Тоӊ РИИБдин КБРне катталып, кылмыш-жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жасалган кылмыштын оордугун жана сапаттуу иликтөө жүргүзүүнү эске алып, кылмыш иши Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматынын өндүрүшүнө өткөрүлүп берилген. Өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулук фактысын ыкчам ачуу максатында областтык милициянын резонанстык кылмыштарды ачуу боюнча көп жылдык тажрыйбасы бар жана мыкты даярдыктан өткөн кызматкерлеринен турган тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн.



Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бир катар версиялар иштелип чыгып, бул багытта көптөгөн күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынган. Жүргүзүлгөн сапаттуу жана тергөө-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын уурдоого шектелген эки адам аныкталып, милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Алар Каракол шаарында жашаган 19 жаштагы В.И. жана Ю. Р. Болуп чыгышты. Ал эми, үчүнчү шектүү 27 жаштагы Каракол шаарынын тургуну, шаардык Кеңештин депутаты К.М. мамлекеттер аралык издөөгө жарыяланды.
Кармалгандардын айтымында, алар мурда автобустарда жүк ташуучу болуп иштешкен жана бул автобуста кээде Каракол шаарынын ишкерлери Бишкек шаарынан товар сатып алуу үчүн акча каражаттарын салып жиберип тургандарын билишкен. Ушундан улам, В.И. жана Ю. Р. акча каражаттарын уурдоону көздөшүп, ойлогон ойлорун ишке ашыруу үчүн шаардык Кеңештин депутаты К. М. сунушташкан. Ал дагы алардын ойлогон кылмыш аракетине каршы болбой, макул болгон.
Ысык – Көл облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш ишин тергөөнүн алкагында жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыянды толугу менен кайтарып беришти. Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүүлөргө карата тергөө мезгилинде камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган. Ошондой эле милиция тарабынан изделип жаткан 27 жаштагы К.М. жүргөн жери тууралуу маалыматка ээ болгон жарандарды 0703937656, 0556898966, (03922) 5-45-50 же 102 байланыш телефондору аркылуу кайрылууну өтүнүшөт.
Учурда тергөө амалдары уланууда.

В.И.
Ю.Р