Коом

Кыргызстанда 93 мал союучу жайдын сегизи гана эл аралык талаптарга жооп берет

Кыргызстанда жалпы 93 мал союучу жайдын сегизи гана эл аралык талаптарга жооп берет. Бул тууралуу маалымат жыйынында Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын ички ветеринардык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Тилек Таабалдиев билдирди.

Анын айтымында, сегиз жайдын эти учурда экспорттолууда. “Алсак, БАЭ, Кувейтке койдун 150 тонна эти, Россияга бодо малдын 25 тонна эти экспорттолду”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, өлкө аймагындагы 93 мал союучу жай текшерилип, анын 25и ветсанитардык талаптарды бузгандыгы үчүн убактылуу жабылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button