Окуялар

УКМК: Ысык-Көл ИИБнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери пара алып кармалды

2022-жылдын 17-декабрында КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы укук коргоо органдарынын тутумунда коррупциялык мүнөздөгү кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Ысык-Көл облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерин пара талап кылуу фактысы боюнча кармады

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери милициянын сержанты У.Т.З Ысык-Көл облусунун Б.С. аттуу тургунун административдик жоопкерчиликке тартам деп коркутуу жолу менен опузалап 5000 сом алганы аныкталды.

Р Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык, андан аркы тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди, — деп билдирди УКМК Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button