Дарыгер: «Бул кышта тумоологон балдардын көбүн текшерүүдөн өткөрүү керек»

Орусиядагы «Чайка» клиникасынын педиатры Владимир Ягодкин бул кыш мезгилинде жүрүп жаткан сасык тумоо тууралуу бир катар суроолорго жооп берди.

«Сасык тумоо пневмонияга өтүшүп кетет деген пикирлер бар. Эгерде баланын дене табы беш күн бою түшүп-чыкса, оор дем алып, дем жетишпей жөтөлсө, аны сөзсүз дарыгерге көрсөтүү керек. Кошумча кандайдыр бир диагностикасыз «пневмония» деген диагнозду коюу татаал. 

Бардык эле инфекциялар тумоо сыяктуу болбойт. Кимдир бирөө 1-2 күн ооруп, анан жакшы болуп калат. Мындайлар бат-баттан ооруган балдарга кирет, тагыраагы алар ооруп, андан ары бир канча аптага созулган жөтөл, мурун бүтүү, кырылдаган үнү менен жүрө беришет. Мындай балдар үйдөн тышкары башка жакка чыгып келери менен кайрадан ооруп калышат. Бул балдарды лор, педиатрга көрсөтүү керек. Себеби аларга толук айыгууга тоскоолдук кылган кандайдыр бир көйгөйлөр бар болушу ыктымал», — деди дарыгер.