Окуялар

УКМК: Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылынын айрым тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү — ВИДЕО

Буга чейин Шалта айылынын тургундары социалдык түйүндөр аркылуу КР УКМКнын жетекчилигине башка аймактардан көчүп келген тургундардан жергиликтүү тургундар тарабынан мыйзамсыз акча чогултуу фактылары болуп жаткандыгы жөнүндө кайрылышкан.

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, чынында эле аталган айылдын айрым активисттери трансформаторду оңдоо шылтоосу менен башка аймактардан көчүп келген тургундардан акча чогултууга аракет кылгандыгы аныкталган. Ошону менен бирге, Шалта айылынын айрым тургундары менен тиешелүү түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында алар мыйзамсыз аракеттерин мындан ары токтотууга милдеттендирилди, мыйзамсыз аракеттерин мойнуна алуу боюнча жазуу жүзүндөгү видео кайрылуу менен кошо алынды. 

КР УКМК КР Конституциясына ылайык, ар бир адам Кыргыз Республикасынын аймагында эркин жүрүүгө, баруучу жана жашоочу жерин тандап алууга укуктуу экенин эске салат. Аталган мыйзамсыз иш-аракеттер туралуу маалымат  түшкөн учурда, КР УКМКнын 0312 660475 телефон номерине кайрылыңыздар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button