УКМК: Камчыбек Ташиев «Нур+» реабилитациялык борборундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды куттуктады

Бүгүн, 2022-жылдын 27-декабрында, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-лейтенант К.К. Ташиев «Бирге ден соолук» коомдук фондунун алдындагы «Нур+» реабилитациялык борборунун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды куттуктады.


Салтанаттуу иш-чарада КР УКМК башчысы аталган мекеменин жалпы кызматкерлерин жана балдарды келе жаткан жаңы-жылы менен куттуктап, бардыгына чың ден соолук каалады. Андан соң КР УКМК жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан борбордун материалдык базасын жакшыртууга 500 миң акча каражатын, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга таттууларды, оюнчуктарды тапшырды.

Өз кезегинде реабилитациялык борбордун жетекчилиги КР УКМКнын жетекчисине жана кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, алардын аркасы менен 2021-жылы имараттарды ижарага алууга 1 млн сом, 2022-жылы 500 000 сом берилгендигин айтты.


Жыйындын аталган мекемеге ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында актуалдуу көйгөйлөр талкууланды.



