УКМК: Укук коргоо жана жергиликтүү көзөмөл органдарынын кызматтык милдеттерине шалаакылык мамиле кылганы үчүн жоопкерчиликти эскертет – ВИДЕО

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аткаруу бийлик органдарынын, укук коргоо жана жергиликтүү көзөмөл органдарынын жетекчилерине кызматтык милдеттерине шалаакылык менен мамиле кылгандыгы үчүн жоопкерчиликти эскертет.

Уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдарды, ошондой эле алар менен байланышта болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлерин, областтык ички иштер башкармаларынын жана көзөмөлдөө органдарынын Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалышы айрым кызмат адамдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, аракетсиздик жана кылмыштарды жашыруу фактылары жөнүндө күбөлөндүрөт. Өз кезегинде укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана прокурорлор жүктөлгөн милдеттерге ылайык мыйзамдуулукту жана биримдикти камсыз кылуу жана мыйзамдуулукту чыңдоо, инсандын жана коомдун мыйзамдуу таламдарын коргоо, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн органдар болуп саналат.

 Бул жагдайлар мамлекеттик бийликтин аброюна терс таасирин тийгизип, ошондой эле өлкөнүн жетекчилигине элдин ишенимин кетирип, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоо боюнча аракеттерди жокко чыгарууда.

 Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик бийлик органдарына жеке адамга, мүлккө жана коррупцияга каршы кылмыштар тууралуу билдирген жарандардын кайрылууларына жергиликтүү бийлик органдарынын кызмат адамдарынын аракетсиздиги жана шалаакылыгы кылмышкерлер менен шериктештик катары бааланарын эскертет.

Ошондой эле, кылмыштын курамындагы ээнбаштыктын курмандыгы болуп калган жарандар, укук коргоо органдарынын аракетсиздигинен улам, тиешелүү жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрыла алышат же сотко кайрыла алышарын  КР УКМК эскертет. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишеним телефондору: 0312 660475.