Нью-Орлеанда “Аалам периси-2023” эл аралык сынагы өтүп жатат. Ага Кыргызстандын атынан «Кыргызстан сулуусу-2021» сынагынын жеңүүчүсү Алтынай Ботоярова катышууда. Финал 14-январда болот.
Учурда социалдык тармактарда кыргызстандык бийкечти сынактын алып баруучулары Казакстан деп тааныштырып жатканы талкууга түштү.
«Кыргызстан сулуусу» сынагынын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова шалаакылык алып баруучудан жана уюштуруучудан кеткенин айтты. «Быйыл сынакка Казакстан катышкан эмес. Биз кайталап Казакстан эмес, Кыргызстан деп айтып жатсак да, Ботоярова сахнага чыкканда алып баручу Казакстан деп салды. Бул алып баруучунун жана уюштуруучунун шалаакылыгы. Ботоярова өзү 2 жолу барып эскерткен», — деди ал.