Коом

ИИМ Ош шаарында катталган өзгөчө оор кылмыш иши боюнча толук маалымат берди

“Кабар” маалымат агенттигинде “ИИМдин ишмердүүлүгүндөгү негизги приоритеттик багыт: уюшкан кылмыштуулукка каршы аёсуз күрөш жүргүзүү” деген темада маалымат жыйын өткөрүлдү. Ага ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев,  ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Оролбек Акпаров жана ИИМдин Тергөө кызматынын начальниги, милициянын  полковниги Альтаир Исмаилов катышты.

Маалымат жыйында ИИМдин учурдагы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар берилип,  ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев төмөндөгүлөргө токтолду.

“Ички иштер органдарынын ар бир  кызматкери эл менен иш алып барууда ачык болуп, коом алдында өзүнүн ак-ниет, ачык кызмат өтөп жаткандыгын көрсөтө билүүсү зарыл. Ошондуктан, элдин коопсуздугуна жакшы шарттарды түзүп, коопсуз өлкө баскычына жетүү биздин негизги милдеттерибиздин бири. Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери укук бузууларды алдын алуу максатында өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында жарандар менен жеринде иш алып барып, алардын арыз-даттанууларын угуп, мыйзамдуулукту сактоо, кылмыштуулукту алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдө.

Уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлерине жана мүчөлөрүнө тийиштүү болгон кыймылсыз мүлктөрдү, автоунааларды, акча каражаттарды жана чарбалык обьектилерди изилдөө, кылмыштык киреше булактарын жана ошондой эле каржылаган адамдарды аныктоо максатында атайын иш-мерчемдер түзүлүп, комплекстүү иштер жүргүзүлүп, бардык күч-аракеттер жумшалып, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жүргүзүлүп келүүдө. 2022-жылдын 12 айында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан ар кандай кылмыш фактылары боюнча  уюшкан кылмыштуу топтун 153 субъектилери кармалып, кылмыш жообуна тартылууда.

   Кыргыз Республикасынын ИИМдин атайын ыкчам каттоосуна ылайык  республика боюнча жалпы саны – 1199 субъектини түзөт. 2022-жылдын 12 айынын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн  мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган курал-жарактар-12, анын ичинен тапанча “ПМ-9мм”-6 даана, “Калашников” автоматы -2 даана, травматикалык тапанча-4 даана алынган. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси (Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) менен 2 кылмыш иши козголуп, азыркы күндө тергөө амалдары жүрүүдө.

Ички иштер органдары тарабынан кылмыштуулукту алдын алуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, кылмыштуу чөйрөдө өз ара тирешүү болуп, анын натыйжасында коомго резонанс жараткан окуялар тыкыр иликтенүүдө.

2022-жылдын 12-январынан 13-январына караган түнү  саат 01:15 чамасында  Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө орун алган банктын капталындагы  аялдаманын  аркасында  белгисиз адамдар  Баткен облусунун  Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 1993-жылы туулган А.Н. денесине миздүү курч нерсе  менен бир нече  жолу жаракат  келтиришип, ак түстөгү автоунаа  менен изин жашырып качып кетишкен.  Натыйжада А.Н. алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон. Бул жаран мурда каракчылык  жана денеге оор залал келтирүү боюнча кылмыштарын жасагандыгы үчүн кылмыш жообуна тартылган. Андан сырткары, ал баңгизат каражаттарын сатып жүргөнү боюнча факты ички иштер органдарынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып,  андан ири өлчөмдөгү баңгизатын алуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жаткан. 

Ушул эле күнү, 2023-жылдын 13-январында Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ош шаардык тез жардам кызматынан  кабар келип түшкөн. Анда  түнкү саат 02:25 чамасында Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө  1995-жылы туулган Н.М. денесинен  жаракат алганы кабарланган. Сырткы видеобайкоо камеранын тасмасын көргөн учурда ага карата шектүүлөр  бет маңдайына (чекесине) жана бутуна уруп денесине оор залал келтиргендиги көрүнүп турат. Азыркы мезгилде жабырлануучу Ош шаарынын клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Ал мурда опуза талап, денеге анча оор эмес залал келтирүү, тоноо жана ээнбаштык менен соттолгон.

Бул фактылар боюнча 2023-жылдын 13-январында Ош ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына  материалдар катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.  Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Адам өлтүрүү),  негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Аталган кылмыш катталгандан кийин, дароо эле ички иштер органдарынын атайын планынын негизинде республиканын бардык аймагы боюнча кылмышкерлерди кармоо боюнча масштабдуу деңгээлде ыкчам иш-аракеттер көрүлдү.  Кылмыштын изи сууй элегинде бетин ачуу максатында ички иштер органдары тарабынан республиканын аймагында атайын планга ылайык иш-чаралар киргизилип аймактарда стационардык жана мобилдик посттор коюлуп, атайын иш-чаралар жүргүзүлдү.  Шектүүлөрдүн жана алардын жакындарынын даректеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, автоунаалар жана унаалардагы жүргүнчүлөр текшерилди. Өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар кылмышкерлерди кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары күчөтүлгөн тартипте уланууда.

Резонанстуу кылмышка тиешеси бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү боюнча төмөнкүлөр кармалды.

Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, УКТнын лидери катары ИИМдин  ыкчам каттоосунда турган 1971-жылы туулган Досонов Кадырбек Акбарович (кылмыштуу чөйрөдө каймана аты Дженго)  13-январь күнү кармалып, Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Ош шаардык сотунун токтомунун негизинде бөгөт коюу чарасы катары эки айга камакка алуу түрү тандалды.

Ошондой эле,  уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү  катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турушкан жарандар: Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну 1995-жылы туулган Раимберди уулу Акылбек, Ош шаарынын тургуну, мурда алдамчылык, бейбаштык  фактылары менен кылмыш жообуна тартылган 1995-жылы туулган Коргонбай  уулу Элеман, Ош шаарынын   тургуну, мурда адам өлтүрүү, опуза-талап, денеге оор залал келтирүү, тоноо кылмыштары менен кылмыш жообуна тартылган, 1990-жылы туулган Шакир уулу Курсантбек, Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну, мурда каракчылык, тоноо кылмыштары менен соттолгон, 1991-жылы туулган Чубаков Нурбек Камчыбекович, Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну, мурда каракчылык, мыйзамсыз курал-жарак сактоо, уурулук кылмыштары менен кылмыш жообуна тартылган 1992-жылы туулган Абдибали уулу Актилек милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген.

Мындан сырткары, УКТнын  мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган, Ош облусунун Кара-Суу районунун   тургуну, мурда соттолгон  1999-жылы туулган Асан уулу Эрбол азыркы учурда издөөдө.

Бүгүнкү күндө айрым жаштардын кылмыш чөйрөсүнө тартылуусунун бирден бир себептери — алар жеңил турмушка, убактылуу кооз жашоого, кылмыштуу жол менен келген акчага, күтүүсүз байлыкка тартылуусу, ошондой эле жеңил көз карашта, келечекке максат койбогондугу болууда.

Учурдан пайдаланып мен кайрылып кетет элем, мындай жеңил ойлуулук менен кылмыштуу чөйрөгө тартылгандардын келечеги жок, жеңил турмуштун, кылмыштын аркасынан келген акчанын, күтүүсүз байлыктын буйругу жок экендигин, кылмышкерлердин өмүрү кооптуу  жана кыска экендигин дагы бир ирет эскертем. Мындан сырткары, спорт менен алектенген кээ бир жаш балдардын мындай кылмыштуу жолго түшүп, кылмыш дүйнөсүнө аралашып жаткандыгы өкүнүчтүү. Эгерде алар уюшкан кылмыштуу топко кирип кылмыш менен алектенсе, анын кесепети түрмөгө камалып, сот жообуна тартылат же болбосо кылмыштуу топтордун өз ара келишпестиктеринин курмандыктары болушат. Ички иштер министрлигинде айрым жеке ишкерлер жана кээ бир саясатчылар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен мамиледе болуп, аларды каржылап, ишкердик менен чогуу алектенет деген маалыматтар бар. Биз бул багытта да иш жүргүзүп жатабыз.

Ошондуктан, ушул багытта ИИМ тарабынан текшерүү жана тергөө амалдары жүргүзүлүп, каржылык жактан колдоо көрсөткөн жарандар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси (Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) менен кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгы эскертертемин”,- деди министрдин орун басары Нурбек Абдиев.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button