Ерке Эсмахан өзүнөн 12 жаш кичүү сүйүктүүсүн ачыктады

Белгилүү ырчы Ерке Есмахан менен RaiM деген ат менен таанымал болгон рэпер Райымбек Бактыгереев атактуу түгөйлөрдүн катарына кирди. Бул тууралуу Казак ЖМКлары жазды. 

Интернет колдонуучулар арасында да буга чейин экөөнүн кыз-жигит экени тууралуу кептер тараган. Бул кептерге RaiM өзү чекит койгон көрүнөт. Ал социалдык тармактагы баракчасынаЕрке Эсмахан экөө Европада эс алып жүргөндө тартылган сүрөтүн жарыялады. Азырынча эч кандай билдирүү жасай элек. Ошондой эле Эсмахан да эч кандай билдирүү кыла элек.

Белгилей кетсек, эки ырчынын ортосундагы жаш айырмачылык 12 жаш.