Окуялар

Окуу үзгүлтүккө учурады. Бишкекте бир эле учурда 4 мектепте бомба изделүүдө

Бишкекте төрт мектепте бомба бар делген маалыматтан улам окуу процесси үзгүлтүккө учурады.

Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, №33 мектеп, Ч.Айтматов атындагы лицей жана “Сейтек” билим берүү мекемесинде бомба бар деген маалымат келген.

“Бардык окуучулар жана мугалимдер эвакуацияланды. Жеринде тиешелүү кызматтар иштеп жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Биринчи май райондук милициясы “Илим” билим берүү мекемесинде бомба бар деген маалыматты текшерип жатканын билдирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button