Окуялар

ВИДЕО: Чолпон-Ата шаарындагы кафеде кызды салфетка салгыч менен уруп жиберген жаран кармалды

Ысык-Көл райондук милицияга 25 жаштагы айым арыз менен кайрылган. Өзүнүн арызында, Чолпон-Ата шаарынын кафелеринин биринде иштерин жана жумуш учурунда белгисиз азия улутундагы жаран эч себепсиз салфетка салгыч менен башына уруп, денесине залал келтиргенин билдирген.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери, кафеде орнотулган видео көзөмөлгө түшкөн тасманы изилдеп чыгышып, көп узабай шектүүнү кармоого үлгүрүштү. Ал Чолпон-Ата шаарынын 27 жаштагы тургуну, мурда кылмыш жообуна тартылган Ы.Б. болуп чыкты. Шектүү катары кармалган жаран райондук милициянын тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн алып келинген.

Райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан орун алган окуя боюнча кылмыш-жаза кодексинин 280 (Ээн баштык) беренеси менен кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button