Коом
23 жаштагы келин Нурлан Мотуевди зордуктоого айыптоодо

Нурлан Мотуев милицияга арыз менен кайрылган. ММКлар аны зордуктоо боюнча 23 жаштагы бишкектик аял айыптаганын жазышууда.
Маалым болгондой, арыз 3-февралда түшкөн. Анда 23 жаштагы келин мындан алты ай мурун Мотуев үйлөнөм деп убада берип, Москва көчөсүндөгү батиринде зордуктап салганын айткан. Анын айтымында, алар социалдык тармактар аркылуу таанышкан.
Белгиленгендей, арыз ээси ажырашып кеткен, эки баласы бар.
Бул факты катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.



