Түркияда жер титирөөдөн кийин 247 куруучу камакка алынды

Түрк бийлиги өлкөдөгү жер титирөөлөр учурунда урап калган имараттарды курууга катышкан 247 адамды камакка алды. Бул тууралуу 5-мартта Anadolu агенттиги билдирди.

Маалым болгондой, кырсыктан бери укук коргоо органдары курулуш учурундагы мыйзам бузуулардан улам урап түшкөн үйлөрдүн курулушуна катыштыгы бар деген шек менен 997 адамды кармашкан. Алардын 247си камакка алынып, дагы 322си соттун көзөмөлүнө алынган. Дагы 102 кишини камакка алууга ордер берген.