Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде 4-орунга көтөрүлдү

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова UWW дүйнөлүк рейтингинде 4-орунга көтөрүлдү.

24-февралда Египетте өткөн күрөш боюнча рейтингдик турнирде кыргызстандык спортчу алтын медаль тагынды. Бул үчүн Тыныбекова 8000 упай алып, 62 кг салмакта 4-орунга көтөрүлдү.

Жалпысынан кыргызстандык кыз 43075 упайга ээ. Бул салмак категориясында 1-орунду америкалык Кайла Миракл ээлейт.