Коом

Таласта ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактап жүргөн адам кармалды

Кылмыш иликтөө бөлүмүнө  мыйзамсыз аракеттер боюнча ыкчам маалыматтар түшүп турат. Иликтөөнүн негизинде алар текшерилип, мыйзамдуу чаралар көрүлөт. Алынган  маалыматтардын негизинде 2023-жылдын 16-март күнү     Манас районунун Бала-Саруу айылынын  тургуну 1963-жылы туулган О. С.     үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Анда анын үйүнүн короосунда жайгашкан сарайынын ичинен мыйзамсыз сакталып жүргөн 16-калибрдеги “ИЖ-18м”, 12-калибрдеги  ТОЗ-8  курал-жарактар табылып алынган. Мындан тышкары, 12-16-мм бош гильзалар, 5,45-мм 3 даана ок, 7,62-мм 7 даана ок, 12-16-мм 17 даана ок  жана белгисиз  курал-жарактын магазини табылып алынган. Иликтөө учурунда ок атуучу куралдарды көп жылдан бери сактап жүргөндүгү, өз алдынча мергенчиликке чыгып  аларды колдонуп жүргөндүгү аныкталган. Аталган факты Манас РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына  катталып,  тиешелүү экпертизалар дайындалды. Бүгүнкү күндө жогорудагы жаран тергөөгө камсыздалып, тергөө жана иликтөө амалдары жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button