Кайрат Нуртастын күйөрманы аны белеги менен таң калтырды

Уральсктан концертке барган күйөрман Кайрат Нуртасты белеги менен таң калтырды. Ал сахнага гүл же жумшак оюнчук эмес, бир баштык эт алып барган. Бул тууралуу Tengri Life жазды.

Аялдын айтымында, ал бир баштык жылкынын этин алып келген. «Бул баалуу белек. Бул жерде Жайыктын суусун ичкен, биздин жашыл чөптү жеген жылкынын эти бар. Бул белекти тургундардын атынан тапшырып жатам. Мен сага эт берем, сен мага гүл бер»,- деген аял.

Кайрат Нуртас баштыкты сөзсүз үйүнө алып кетерин билдирген.