ДүйнөКоомОкуялар

Сауд Арабияда зыяратчыларды ташыган автобус күйүп, 20 адамдын каза болду

Сауд Арабияда умрадагы зыяратчыларын ташыган автобус кырсыкка учурап, күйүп кеткен. Кыска убакыттын ичинде автобус жалындуу шарга айланганын маалымат каражаттары жазышты.

Меккеге бара жаткан автобус Ашер шаарындагы көпүрөгө кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен 20 адам каза болуп, 29 адам жаракат алган. Айрым маалымат каражаттары өз булактарына таянып, кырсыкка учураган автобустун ичинде Йеменден барган зыяратчылар болгонун жазып чыгышты.

ТИМден маалымат таратышып, алдын ала маалымат боюнча каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин билдиришти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button