Коом
Нарында жайытты мыйзамсыз пайдаланган малчыга айып салынды

Нарын районунун Учкун айыл аймагында жайыт жерлерин максатсыз пайдаланган жарандарга 45 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынды. Бул тууралуу Ацыл чарба министрлигинен билдиришти.
Жүргүзүлгөн текшерүүдө айрым малчылар бекитилген жайыттарды кезектештирип пайдалануу графигин сактабастан, Чой-Жап өрөөнүндөгү жайыттарда мал жаюуну улантканы аныкталган.
Мыйзам бузуу фактылары боюнча «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин талаптарына ылайык чара көрүлүп, тиешелүү айып пулдар салынды.
Адистер жайыттарды туура пайдалануу жана алардын деградациясына жол бербөө үчүн белгиленген эрежелерди сактоо зарылдыгын эскертти.



