Коом
Кыргызстан 2023-2024-жылдагы жылытуу мезгилине Россиядан электр энергиясын сатып алат
Кыргызстан жана Россия 2023-2024-жылдагы жылытуу мезгилине 875 млн кВт/саат электр энергиясын импорттоо боюнча келишим түзөт. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 24-жыйынында КРнын энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков билдирди.
Анын айтуусуна караганда, келишимге өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын жыйынтыгында кол коюлары күтүлүүдө.
«Келишимдин деталдары кийинчерээк айтылат», — деди ал.



