Окуялар

УКМК: Бишкекте жашыруун алтын-күмүш зергерчилик цехи аныкталды — ФОТО

КР УКМК тарабынан баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарында жашыруун зергерчилик цехтеринин ишмердүүлүгү аныкталып, токтотулду.

Айрым ишкерлер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп алып, мыйзамдарды бузуу менен зергер буюмдарын маркалоонун милдеттүү жол-жобосунан өтпөгөндүгү жана тиешелүү салыктарды төлөөдөн качуу максатында колго жасалган зергер жабдууларды колдонуу менен мыйзамсыз иштерди жүргүзүшкөнү аныкталды.

2023-жылдын 28-мартында козголгон кылмыш ишинин алкагында жана сот органдарынын санкциясынын негизинде жашыруун цехтерде зергер буюмдарды жасап жаткан даректерде тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжасында жалпы салмагы 2,5 килограммдан ашык алтын жана алтындан жасалган зер буюмдар, 70 килограммдан ашык күмүш жана күмүштөн жасалган зер буюмдар табылып алынган. Иштин жагдайы боюнча тергөө тарабынан 50дөн ашык адам суракка алынган.

Мындай мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында өлкө рыногуна жасалма үлгүдөгү зер буюмдардын олуттуу көлөмү чыгарылууда, бул өзгөчө ири өлчөмдө милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качууну билдирет.

Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар кызмат адамдарынын чөйрөсүн аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын маалыматында.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button