Коом

Эмне үчүн жумушта чакан тыныгуулар өтө маанилүү?

Эксперттер кыска тыныгуулар жумушчуларга кандай жардам берерин билүү үчүн 22 изилдөөнү карап чыгышты.

Алар 22 изилдөөнүн жыйынтыгын алышкан. Адистер адамдын 10 мүнөттүк тыныгуусу жумушка кандай таасир этерин изилдеп көрүшкөн. Ошондой эле иш учурунда бир азга сейилдеп келүү, керилип-чоюлуу, видео көрүү сыяктуу нерселер жакшы жыйынтык берер-бербесине кызыгышкан.

Эксперименттин катышуучулары тыныгууларды өзгөчө пайдалуу деп жооп беришкен. Окумуштуулар активдүү кыймылдап эс алган кызматкерлердин маанайы көтөрүлүп, көңүлдүү иштеп калганын байкашкан.

Ал эми эс алуу учурунда жумуштан алыстабай же кесиптештерине жардам бергендер бара-бара анча жакшы иштей албай, үйдөн дагы ойдогудай эс ала албасы белгилүү болгон.

Бирок окумуштуулар чакан тыныгуулар кызматкердин маанайына жакшы таасир этерин аныкташканы менен иштин сапаты жакшырабы деген суроого так кесе жооп таба алышкан жок.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button