Коом

УКМК: 3 тоннага жакын “Карбамид” минералдык жер семирткичин контрабандалык жол менен ташыгандар аныкталды

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн контрабандага каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, 2023-жылдын 7-апрелинде УКМКнын чек ара кызматкерлери менен биргеликте КР 1995-жылы туулган К.М.Э. аттуу жаранынын башкаруусунда “03KG987AAJ” мамлекеттик номурлуу “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү унаа Лейлек районунун Жаңы-Жер айылынын аймагынан кармалган.  

Текшерүү учурунда унаадан эч кандай коштоочу документтери жок, жалпы салмагы 3 тоннага жакын “Карбамид” минералдык жер семирткич табылган. Бул унаа минералдык жер семирткич түрүндөгү жүктү коңшу мамлекеттерге жиберүү үчүн Лейлек районуна бара жаткан.

Бул факты боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button