ДүйнөКоомКызыктарОкуялар

Малайзияда 22 жаштагы жигит 48 жаштагы мугалимине үйлөндү

Түгөйлөр биринчи жолу 2016-жылы жолугушкан, анда 41 жаштагы Жамиля Мохд 15 жаштагы Даниал окуган класска малай тилинен сабак бере баштаган. Жигиттин айтымында, мектепте экөөнүн мамилеси мугалим-окуучунун гана чегинде болгон. Мугалим болочоктогу жолдошу окуган класска бир эле жыл сабак берип, экөө ошол бойдон көрүшпөй калган.

Бир жыл өткөн соң, мугалим окуучуга туулган күнүн куттуктап билдирүү жөнөтүп, ошондон кийин экөө жазыша баштаган. «Менде сезимдер пайда болуп, батынып жакшы көрөрүмдү билдирдим, бирок ал мугалим экенин айтып, баш тартты. Жазып, чалып жүрдүм, бирок ал үн катпай койду. Анан жашаган жерин издеп барып таптым», — дейт Даниал.

Жамилянын айтымында, жигиттин туруктуулугу аны багындырган. Адегенде 2019-жылы той өткөрмөкчү болушуп, пандемиядан улам токтоп калган. 2021-жылы баш кошушкан түгөйлөр тойго жакын гана туугандарын чакырышкан, жигиттин классташтары бул окуядан кабарсыз калышкан.

Калың журтка бул окуя Даниал жарыялаган видеодон кийин белгилүү болду. «Жаш курак — бул бир гана цифра, мен күйөөнүн милдетин аткаруу үчүн колумдан келгенин жасайм» деген жигит.

Жамиля буга чейин турмушка чыгып, 2007-жылы ажырашып кетип, андан кийин таанышууларга көңүл бурбай, бир гана иш менен алек болууну чечкен. «Даниал мага ишенимдүү келип, экөөбүздүн мамилебизди үй-бүлөсүнөн жашырган жок. Бул анын сунушун кабыл алуудагы башкы себептердин бири болду», — деген Жамиля.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button