Коом
Кадамжай районунда 92,2 млн сомго мектеп куруу пландалууда
Турак жай-жарандык курулуш башкармалыгынын Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы №39 Х.Жаныбеков атындагы орто мектептин курулушуна тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, объект Кадамжай районунун Көтөрмө (Чандеки) айылында курулат.
Мектеп 150 окуучуга ылайыкталган. Пландалып жаткан сумма — 92 млн 279 миң 36 сомду түзөт. Сынактык арыздарды берүүнүн акыркы мөөнөтү — 29-май.