Коом

УКМК: Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн кызматкери 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды — ВИДЕО

КР Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн кызматкери 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдирди.

 Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Эсертөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкери В.Ш. тарабынан Нарын облусунун Жумгал районундагы Таш-Мойнок а/а мурдагы башчысы А.М.дан ушул ЖӨБ органынын финансылык-чарбалык ишин текшерүү маселесинде оң чечим чыгарып берүү үчүн 160 миң сом өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы аныкталган.

2023-жылдын 19-майында КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 100 миң сом пара алып жаткан жеринен көрсөтүлгөн В.Ш. кармалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кармалган адам Бишкек шаардык 1-тергөө камак жайына киргизилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button