Садыр Жапаров Москва шаарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн Москва шаарына барды.

Мамлекет башчысынын учагы Москва шаарындагы “Внуково 2” эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин желектери илинип турду. Президент Садыр Жапаровду Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды.

Бүгүн иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат. Ошондой эле эртеси, 25-майда Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашат, биримдикти мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат.

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгын бекемдөөгө, ошондой эле Биримдиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерди кабыл алуу пландаштырылууда.