Коом
Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолуна таштанды салуучу атайын челектер орнотулду

Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун түндүк тарабына тазалыкты сактоо максатында таштанды салуучу атайын челектер орнотулду.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, челектер Чаек, Дыйкан, Арал, Сары-Булуң, Арал – Суусамыр жана Кызарт айылдарындагы жол жээктерине коюлду.
Министрлик жол жүрүүчүлөрдү таштандыны жол жээгине ыргытпай, атайын челектерге салууга чакырды.
«Жол таза болсо, сапарыбыз да жагымдуу жана көрктүү болот», — деп белгиленет министрликтин маалыматында.



