Пайдалуу кеңештер

100 жашка чейин узак жашоонун сыры эмнеде?

Узак жашоону изилдеген эксперт Дэн Бюттнер көп жылдар бою «көк зоналарды» изилдеп, 100 жашка чейин жашоонун сырын тапканын билдирди.

Анын сунушун ABC басылмасы келтирди.«Бардык “көк зоналарда” эң негизги баалуулук — үй-бүлө. Ал эми үй-бүлө бекем никеден башталат», — деп белгилеген Бюттнер.

Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө ылайык, никеде турган адамдар ажырашкандарга, жесирлерге жана бойдокторго караганда орто эсеп менен эки жылдан беш жылга чейин узак жашашат, деп белгилейт эксперт.

Ошол эле учурда ал үй-бүлөлүк жашоо аялдарга караганда эркектерге көбүрөөк пайда алып келерин, бирок аялдарда да никеде жашоо өмүрдүн бир аз узарышы менен байланыштуу экенин айтты.

«Бул мен сүрөттөп келген өмүрдү узартуунун эң жөнөкөй жолдорунун бири: жакшы өнөктөш табыңыз, мамилеңизге күч жумшаңыз. Ошондо экөөңөрдүн тең 100 жашка чейин чогуу жашап калуу мүмкүнчүлүгүңөр жогорулайт», — деп кошумчалаган Бюттнер.

Тектеш кабарлар

Back to top button