Коом

Бишкекте 11-классты 8111 окуучу аяктады

Бишкектин жалпы билим берүү уюмдарынан 9-классты 15688 окуучу жана 11-классты 8111 окуучу аяктоодо. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.25-майда саат 9:00дө борбор калаанын бардык мектептеринде окуу жылынын аякташына карата салтанаттуу иш-чаралар өттү. “Рухий-Мурас” жаңы конушунун №100 мектебинде акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу аземге борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Бишкек шаарында атайын аттестат алуу укугун тастыктаган бүтүрүүчүлөрдүн өсүү динамикасы байкалууда, андыктан 262 абитуриенттин ичинен 55 окуучу билимин тастыктап, 20,6 пайызды түздү. Жалпысынан республика боюнча өзгөчө үлгүдөгү күбөлүктөрдүн 32,9 пайызы Бишкек шаары алат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button