Кадыр Кошалиев Элдик курултайдын төрагалыгынан убактылуу кеткенин айтты.
«Биринчи Элдик Курултайдын делегаттары бекиткен регламенттин 5-главасындагы төраганын ыйгарым укуктары жөнүндөгү талаптарга ылайык менин тегерегимдеги маселелерди делегаттардан жана адистерден турган комиссия тактаганга чейин Курултайдын Аксакалдар кенешинин төрагасынын ыйгарым укуктарын убактылуу орун басарым Бейшенбек Абдразаковго өткөрдүм. Азыр интриганы токтотуп, ишке маани берели. «Элдик курултай жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышына салым кошолу. Менин элге ачык айта турган сөздөрүм али алдыда… Баарыныздарга бакубатчылык, ынтымак-биримдик каалайм»,- деди ал.
Буга чейин журналист Кадыр Кошалиев менен Курманбек Бакиев маектешкен видео жарыяланган. Ал эми УТРК Кадыр Кошалиевдин качкын президент Бакиевден алган чуулгандуу интервьюсу тууралуу расмий билдирүү таратып, улуттук телеканал Курманбек Бакиев менен маек Кошалиевдин жеке демилгеси экенин, УТРКнын ага тиешеси жоктугун айткан. Депутат Эльвира Сурабалдиева «качкын президенттен маек алган Кадыр Кошалиевдин Курултайдын төрагасы болгонго укугу жок» деп айтып чыккан. Ал эми президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков «Элдик Курултай бекиткен регламенттин 25-пунктуна ылайык, төрага жана анын орун басарлары делегаттардын көпчүлүк добушу менен элдик Курултайдын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Демек, Элдик Курултайдын өткөрүлгөн убактысынын бүтүшү менен алардын ыйгарым укуктары дагы аяктайт. Кийинки Элдик Курултайда, делегаттардын көпчүлүк добушу менен төрага, анын орун басарлары жана катчысы кайрадан дайындалат. Андыктан Элдик Курултайдын төрагасы ар бир кезектеги Курултайда жаңылана тургандыгын эске алып, Кадыр Кошалиевдин тегерегиндеги талкууну саясатташтыруунун кереги жок деп эсептейбиз»,- деген эле.